Марал Радиосу

Кыргызстандык үй-бүлө баласын Макгрегор деп атады

Кыргызстанда баласын Макгрегор деп атаган үй-бүлө тууралуу маалымат интернетке тарады. Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты тастыктап, бала 5 айлык экенин билдирди.

Кыргызстандык Макгрегор Алибеков ушул жылдын 19-июнунда төрөлгөн. Ага ирландиялык мушкердин фамилиясы берилген.

Конор Макгрегор 30 жашта. Ал UFCнин жеңил жана орто жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. 24 беттешке чыгып, үчөөндө жеңилген.