Марал Радиосу

Кыргызстандык таксист москвалык кардарын таң калтырды

Москвада кыргызстандык таксист капчыгын унутуп кеткен Варя Борцова аттуу кардарын сегиз саат күтүп, кайтарып берди. Бул тууралуу Варя Борцова Фейсбуктагы баракчасына жазып, ыраазычылыгын билдирди.

Ал таңкы саат беште аэропорттон келерде аны үйүнө кыргызстандык таксист жеткирген. Бирок документ, акча жана кредиттик карталары салынган капчыгын таксиде унутуп калганын уктап тургандан кийин гана билгенин жазды.

Мен кредиттик карталарымды блоктоп, документтеримди калыбына келтирүү керектигин ойлонуп жатсам, атам терезени карап: “Сыртта таксинин жанында турган жигит кокустан сенин айдоочуң эмес беле?” деп калды. Мен көчөгө чуркап чыктым, ал чын эле дал ошол кыргызстандык таксист экен. Ал мени сураштырып сегиз саат көчөдө жүрүптүр.

Ал таксистке ыраазычылык иретинде беш эсе көп акча төлөп берген. Кийинчерээк таксисттин аты-жөнү Кайрат Тентимишов экени белгилүү болду.

Борцова ММКларга берген интервьюсунда буга чейин Бишкекте болгонун, бул өлкөнү таануу үчүн дагы узак мөөнөткө келип кетүүнү каалай турганын айткан.