Марал Радиосу

Кавказ тоолорундагы чокулардын бирине Айтматовдун аты берилди

Кавказ тоолорундагы чокулардын бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилди. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер, жазуучу Султан Раев фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилген чокуга Кыргызстандын желеги, жазуучунун аты жазылган такта орнотулган.

Бул саамалыкка президент Сооронбай Жээнбеков колдоо көрсөткөн. Кыргыз альпинисттери чокуга чыгуу үчүн 13-ноябрда жол тарткан.