Марал Радиосу

Өткөн жумада 234 адам мас абалында унаа башкарган

Өткөн жумада өлкө аймагында 16 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен 234 адам мас абалында унаа башкарганы аныкталды. 371 айдоочу светофордун тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен.

Миңден ашык айдоочу жогорку ылдамдыкта айдаса, 2 миңден ашыгына жол белгилерине маани бербегени үчүн айып салынды.

4 миңден ашык айдоочу коопсуздук курун тагынган эмес, 3 миңден ашыгына рулда бара жатып телефон колдогону үчүн айып салынды.

894 автоунаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.