Марал Радиосу

Мэрия: Эски автобустардын көбү чирип калган

«Кытайдан келген автобустардын көбү чирип калган». Ушундай жазуу менен Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына Кытайдан келген автобустардын сүрөтүн чыгарды.

Анын айтымында, сүрөт автобустардын паркынан тартылган. Бул транспорттор 8-10-жыл мурда, Нариман Түлеев мэр болуп турганда сатып алынган.