Биз менен байланышыңыз

19-23-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 458 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19- 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот.

21-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

21-ноябрда күндүз жана 22-23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM