Биз менен байланышыңыз

Президент өкмөттүн жана парламенттин экс жетекчилери менен жолугушат

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 490 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда өкмөттүн жана парламенттин мурдагы башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу Жээнбеков Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы менен жолугушкан учурда билдирди.

Президент мындай кадам коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика экенин белгилейт.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков буга чейин журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, донорлор жана жаштар менен жолугушту.

Copyright © 2017 Maral FM