Марал Радиосу

Бишкекте “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы ѳтүүдѳ

Бишкек шаарында “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы ѳтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын билим берүү башкармалыгы 12-сентябрдан 12-декабрга чейин “Тил жана Айтматов” үч айлыгын жарыялаган.

Анын алкагында 15-ноябрда Октябрь районунун № 88 орто мектебинде “Жаш артист” шаардык кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынакта катышуучулар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышты.

Кароо-сынакка мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын балдары катышышты. Жеңүүчүлөр аныкталды, алар Ардак грамота, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен сыйланат.

Ал эми сыйлык тапшыруу аземи 5-декабрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетининде өтөт. Анда «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын да жыйынтыгы чыгарылат.