Марал Радиосу

“Курманжан датка” тасмасы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Казакстандагы Шакен Айманов атындагы эл аралык кинофестивалда “Курманжан датка” тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Кинофестиваль 17-21-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өтөт. Иш-чарага аттуу-баштуу кинематографисттер катышып, дүйнөлүк жана казакстандык тасмалар көрсөтүлөт.

Анда кыргызстандык режиссёр Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы баш байге алуу үчүн таймашат.

Белгилей кетсек, кинорежиссёр, сценарист, продюсер, Эл аралык Азия кинофестивалынын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз калыстар тобунун төрагасы болот.