Марал Радиосу

ЕАЭБден улам бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрү артууда

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине киргендин натыйжасында бажы төлөмдөрүнүн көлөмү артты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2015-жылы 20,8 млрд сом болсо, ал эми 2016-жылы 29,3 млрд сомду түзгөн. Тагыраагы, 141 пайызга өсүү болгон.

Ал эми 2017-жылы бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 34,2 млрд сом болуп, натыйжада 117 пайызга жогорулаган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнүн болжолу 43,5 млрд. сом болуп бекитилген.