Марал Радиосу

Статком: Улгайган адамдардын 40 пайыздан ашыгы иштейт

Өлкө аймагында улгайган адамдардын 40 пайыздан ашууну иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта улгайыңкы деп 50 жаштан жогоркулар каралган. Ага ылайык улгайган адамдардын 41,3 пайызы иштеп келишет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев улгайган адамдар же пенсиясын, же айлыгын алсын деген пикирин билдирген.