Марал Радиосу

Мэрия: Кар тазалоо боюнча WhatsAppтан кайрылууга болот

Бишкек шаарында көчөлөрдү кардан жана тоңгон муздардан тазалоо иштери уланып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаар тургундары кардан тазалана элек жерлердин сүрөтүн WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге жибере алышат:

Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 997 927;

Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 955 509;

Мавлян Аскарбеков (Биринчи Май району) — 0555 666 096;

Рустам Касымбеков (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле 185 жана 1840 номерлерине чалып да билдирүү калтырууга болот.

Белгилей кетсек, көчөлөрдү тазалоо үчүн жалпысынан 760 жумушчу иштеп жатышат. 30 атайын кар тазалоочу техника, 2 жүк ташуучу унаа, тротуарларды тазалоо үчүн 4 чакан трактор колдонулуп жатат.