Марал Радиосу

Лавров: Орусия Косово маселесинде Сербияны колдойт

Кремль Косовонун бөлүнүү маселесинде Белграддын чечимдерин колдойт. Мындай маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын пикиринде, Белград Косово менен болгон мамилесин жолго коюуда кандайдыр бир чечим чыгарса, Москва аны жай олтуруп акылга салып көрүүгө даяр. Мындай олуттуу иште ар ким өз көмөчүнө күл тарта бергени орунсуз экенин кошумчалады.

«Косово маселеси боюнча биздин позициябыз маалым. Эң ириде эл аралык укуктук нормаларга таянуу менен Сербиянын өзүнүн мыйзамдуу укугун коргоо үчүн күрөшүндө аны бардык тараптан колдоорубузду билдирем»,-деди Лавров.

Эске салсак, 2008-жылы Косово Сербиядан бөлүнүп, өз алдынчалыгын жарыялаган. БУУ жана Евробиримдиктин басымы менен жана Косоводогу сербдердин коопсуздугу үчүн Белград Косовону өзүнчө аймак катары таанып, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болгон. БУУга мүчө 120 өлкө Косовонун эгемендигин тааныса, Кытай, Орусия сыяктуу мамлекеттер кабыл албай келет. Серб бийлиги болсо Косовону мамлекет катары тааныбоосу үчүн бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү токтотпой улантууда.