Марал Радиосу

ИИМ Франциянын полиция ишмердүүлүгүнө кызыктар

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги полиция ишмердүүлүгү боюнча Франциянын тажырыйбасын изилдөөгө кызыктар. Мындай пикирди министр Кашкар Жунушалиев Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушкан учурда билдирди.

16-ноябрдагы жолугушууда кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук
коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүнө байланышкан эки өлкөнүн кызматташтыгын
бекемдөөгө тиешелүү бир катар маселелер талкууланды.
Анда элчи Микаэль Ру келечекте  кызматташтыкты бекемдөө менен кеңейтүүдө терең ишеним бар экендигин баса
белгиледи.