Марал Радиосу

БШК: 15-декабрда жергиликтүү кеңешке төш белгилер даяр болот

Жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги 15-декабрга чейин жасалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Төш белгилерди жасоо боюнча жеке ишкер В.Подстречный менен келишим быйыл 31-октябрда түзүлгөн.

“Келишимде төш белгинин үлгүсү берилген күндөн тарта 30 күндө жасала турганы көрсөтүлгөн. Биз үлгүсүн кечээ кабыл алдык”, — деп маалыматта айтылган.

Эскерте кетсек, депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңештин депутаттарына эки жылдан бери төш белги жасалбай жаткандыгын айткан.