Марал Радиосу

Бишкек шаарында бал жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында бал жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу “Ыктыярдуу балчылар» коому билдирди.

Жарманке Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, анда балдын жүзгө жакын түрү коюлуп жатат. Иш-чара шаар тургундарын сапаттуу бал азыктары менен тааныштырып, аны жайылтууну көздөйт.

Белгилей кетсек, жарманке он күнгө созулуп, 25-ноябрда аяктайт.