Марал Радиосу

Кытай мусулман уйгурларды кантип “тарбиялоодо»?

Эл аралык коомчулук тарабынан Кытай бийлигинин дарегине адам укугун тебелөө боюнча сындар айтылып жатат. Синьцзянь автономиялык облусундагы мусулман уйгурларды сот-соболсуз эле саясий лагерлерге алып кирип жатканы тууралуу айыптоолор көбөйдү. Бирок Пекин бул айыптарды четке кагып, уйгурлар аталган “кайра тарбиялоо мектептерине” өз ыктыярлары менен келип жатышканына ишендирүүдө.

Биз ал “мектептерде” чынында эле эмнелер болуп жатканы тууралуу бир топ далилдүү маалыматтарды тактадык.

2015-жылы Кытайдын батыш тарабынан өткөн спутниктин камерасына бош жаткан боз талаанын сүрөтү тартылган. Арадан үч жылдай убакыт өткөндөн кийин ошол эле аймактан алынган көрүнүштө көңүл бурдурган өзгөрүү байкалган: чоң аянтты ээлеген, тегереги бекем тосулуп корголгон 2 чакырымдык дубалы жана 16 көзөмөл мунарасы бар имарат.

2017-жылы Кытайдагы саясий лагерлер тууралуу кептер таркаганда Google Earth картасы боюнча ал лагерлердин жайгашкан жерин изилдөөгө алышкан. Жыйынтыгында, териштирген топ спутник тарткан лагер Үрүмчү шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Дабаньчэн шаарынын четинде экенин такташкан.

Биз Кытайдагы абалды изилдөө үчүн Үрүмчү шаарына бул жакка келген ар бир журналистти тинтүүгө алган полициянын колуна түшпөө үчүн эрте таңда кондук.Бирок Дабаньчэнге карай бараткан жолдо бизди кеминде беш унаа менен жергиликүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү ээрчип келе жатканын билдик. Сырдуу лагерлерди бир нече күндүн ичинде тартып, изилдеп кетебиз деген планыбыз оңой менен ишке ашпасына көзүбуз жетти.

Бир нече километрден кийин эле жолдун оң тарабынан боз түстөгү килейген курулуштун жүрүп жатканын байкап, аны тарта баштаганыбызда артыбыздагы бир полиция унаасы жетип келип, бизди токтотту. Камерабызды өчүрүп, жерге түшүүбуздү талап кылды. Эң көңүл бурдурганы тиги эбегейсиз курулуштун абдан катуу тосулуп, сырткы дүйнөдөн бөлүнгөнү болду. Биз издеген жер дал ушул! Бирок биз мынчалык чоң комплекс күткөн эмеспиз. Бул акыркы жылдары Синьцзянда курулган ондогон камак-лагерлердин бирөөсү гана.

Биз абалды байкоо үчүн Дабаньчэндин борборунда бир аз өргүү кылдык. Көчөдөгү адамдардан кандайдыр бир конкреттүү маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес: артыбыздан бир кадам калбай ээрчиген полиция биз менен сүйлөшүп же жөн гана саламыбызды алик алгандарды токтотуп алып, суракка тартып жатты.

Ошондо биз башка жол менен иштеп баштадык: белгисиз телефон номурлардан чалып, имарат тууралуу ар кимден сураштыра баштадык.

“Бул кайра тарбиялоо мектеби”

“Ооба, бул кайра тарбиялоо боюнча мектеп”

“Ал жерде он миңдеген адамдар олтурат. Ой-пикирлеринде кандайдыр бир мандем бар экен” сыяктуу жоопторду алдык.

Бул килейген имаратты биз билген мектепке кооштуруу абдан эле кыйын. Бирок синьцзяндыктардын аң-сезиминде мектеп түшүнүгү такыр башкача калыптанып бараткандай.

Кытай бийлиги барган сайын күчөп бараткан эл аралык коомчулуктун каршылыгына жооп кылып лагердин ичиндеги абалды мамлекеттик телеканалдардан сонун кылып көрсөтүп, аны “тарбиялоо” деп гана атоодо. Телеберүүлөрдө “тарбиялануучулар” таза, ирээттүү класстарда окуп, оз каалоолору менен келгенин айтып жатышты. Бирок берген интервьюларындагы “Мен өз катамы аңдадым. Эми бул жерден чыгып, үйгө кайтканда тартиптүү адам болом”,-деген сөздөрү эле ал жерде эмне болуп жатканын билдирип турбайбы?!

Анан калса “мектепке” кандай жүйө менен келгендери жана качанга чейин калаары алардын эч бирөөнө маалым эмес.

 

Бизге билдиришкендей, бул лагерлердин башкы максаты-укуктук дисциплиналарды окутуу, эмгекке машыктыруу жана кытай тилин үйрөтүү аркылуу экстремизм менен күрөшүү экен.

Аймактагы уйгурлар кытай тилин мыкты билбегени маалым, бирок аларга тил гана үйрөтүлбөстөн, атайын дресс-код киргизишкен: эркек, аялдар үчүн жоолук, топу дегендерди колдонуу такыр мүмкүн эмес.

Синьцзянда 10 миллиондон ашык уйгур жашап, түрк тилинде сүйлөшөт. Кашгар шаары географиялык жайгашуусу боюнча Пекинге караганда Багдадга жакынырак экени айтылып жүрөт. Бул шаардын маданиятынан деле байкалат.

Аймактын Кытай бийлигине каршы күрөшү узак тарыхты камтыйт. Уйгурлардын Кытай дайындаган бийлиги менен мамилеси ар дайым начар болгон. Облустун башына коммунисттик партиянын өкүлдөрү келгенге чейин бир нече жолу аймак Кытай бийлигинин колунан чыгып кетип, эгемендигин жарыялап жиберген учурлар болгон. Ошондуктан борбордук бийлик жерликтүү башчыларды компартияга болгон берилгендигин текшерип, көзөмөлдөп турушат.

Германиянын территориясынан 5 эсеге чоң болгон аймактын жаратылыш байлыктары, өзгөчө мунай жана газы Кытайдын башка жерлеринен жаңы келгиндердин көбөйүүсүнө себеп болгон. Тартылган инвестициялар чоң көлөмдөгү кирешелерди алып келгени менен синьцзяндыктар кирешенин адилеттүү бөлүнбөй жатканына нааразы болуп келишет. Кытай бийлиги болсо, улам жакшырып бараткан жашоо шарттарын мисал кылып жооп беришет.

2013-14-жылдардагы уйгур-кытай жаңжалдарында 33 кытайдын киши колдуу болуусу Кытай бийлиги үчүн жакшы шылтоо болуп, бийлик уйгурларга карата мурда-кийин болуп көрбөгөндөй катаал көзөмөл чараларын баштаган: адамдын жүзүн таануучу технология, телефондордогу бардык маалыматты тескеген аппарат жана массалык биометрикалык маалыматтарды топтоо.

Ислам динине байланышкан бардык көрүнүштөргө-сакал мурут коюп жүрүү, жоолук салынуу, Куран окуу, балдарга мусулманча ат коюуга тыюу салынды. Си Цзинпиндин бийликке келгенинен тарта динине ылайык жашоосу сепаратизм катары бааланып, улуттук баалуулук, дин жана үй-бүлөгө берилгендик коммунизмге берилгендиктен өйдө турбоосу шарт.

Сириядагы согушка кетип калуусу мүмкүн деген жүйө менен уйгурлардын өлкө ичинде жана сыртына кезүүсү чектелип, “коопсуз жерде сакталуусу” үчүн паспортторун полицияга тапшыруулары талап кылынат.

Мамлекеттик кызматта иштеген уйгурлар үчүн Ислам дининде жашоого, намаз окууга, мечитке барууга жана Рамазан айында орозо тутууга тыюу салынат.

Жогорудагы көрүнүштөрдүн баарын эске алганда Кытай бийлиги канчалык четке какпасын, саясий лагер-камактардын бар экени, ичиндеги укук бузуулардын да чындык экени даана сезилет.

Германиялык окмуштуу Адриан Ценц Кытайдагы ири курулуштарга жарыяланган тендердин документтерин тапкан. Андагы имараттын өзгөчөлүктөрү, кулпулары, көзөмөл мунаралары алардын канчалык көп адамга ылайыкталганынан кабар берет. Бул лагерлерде миллиондон ашык уйгур жана этникалык, диний азчылыктар камалууда.

2002-жылы Раила Абулаити Британияга окууга барып, ал жакта британдык адамга турмушка чыккан. Өткөн жылы апасы Шамшинур Пида адаттагыдай эле кызын зыярат кылып, 2-июнь күнү Синьцзянга кайткан. Апасы кеткенден кийин аны менен араң байланышкан кызы Раила апасынын: “Кызым, үйгө полиция тинтүү жүргүздү. Паспортуңдун, дипломуңдун копиясын жана жашаган адресиңди, телефон номуруңду интернет аркылуу жибер. Анан, мага экинчи чалбагын”,-деген сөзүн гана угуп, ошол бойдон дайын-дарегин билбей жатат.

Менин апамды саясий лагерде эч негизсиз эле кармашууда. Менимче, Кытай бийлиги уйгур деген улутту жер жүзүнөн өчүрүүнү каалап жатат”,-дейт Раила Абулаити.

Биз чет өлкөдө жашаган кээ бир уйгурлар менен байланышканыбызда, баарынын камак өтмүшү окшош чыкты. Кадимки диний жашоо, бийликке карата кичине гана нааразылык же чет өлкөдөгү уйгурлар менен байланыш камакка алынуу үчүн жетиштүү себеп боло алат.

Аблет Турсун Тохти аталган лагерге биринчи кирип, кандайдыр бир себептер менен кутулуп чыккандардан.

“Ар күнү таңда ойготуучу сигнал угулат. Бир мүнөт ичинде сыртка тизилип калышың керек. Анан чуркоо башталат. Жакшы чуркай албагандар үчүн атайын жаза бөлмөсү бар. Эки кызматкер кемер менен уруп, тээп жазалашат. Ар күнү “Компартиясыз бизге жашоо жок” деген ырды кайталап ырдайбыз. Кытай тилин жана мыйзамдарын жаттатат. Жатка айтып бере албагандарды да жаза күтөт”,-деп эскерди учурда Түркияда баш калкалаган Аблет.

Анын айтымында, лагерлердин башталган алгачкы жылдарында “тарбиялоо” кыска болчу. Акыркы эки жыл ичинде ал жактан чыккандар тууралуу бир да маалымат жок.

Аблеттин 74 жаштагы атасы менен сегиз бир тууганы учурда камакта. Үй-бүлөсүнөн эркиндикте эч ким калган жок.

41 жаштагы Абдусалам Мухамет дагы Түркияда жашаган качкындардан. Аны өлгөн кишинин тажиясында Куран аяттарын окуганы үчүн лагерге алышкан. Ал жерде жогорудагыдай эле “тарбия” иштери жүргүзүлгөн.

Атын атоодон чочулаган Али(өзгөртүлдү) лагердеги бир окуяны эскерди: “Бир күнү чиновниктерден бирөө келип, лагердин дарбазасын ачышты. Ошол кезде кичинекей бала чуркап кирип, биз менен жүгүрүп жүргөн апасына бет алды. Апасы дагы ага барып, кучактап калганда полициялар аны чачтан алып артка кайтарышты. Баланы болсо сыртка түртүп салышты”.

Алинин айтымында, теледен көрсөткөн таза имарат чыныда жок. Кир, суусу, дааратканасы жок бөлмөлөргө киргизип коюшат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен сураганыбызда, жооп берүүдөн баш тартышты.

Чет жакта жашаган уйгурларга өлкө ичиндеги болуп жаткандар тууралуу маалымат дээрлик жетпейт. Синьцзяндагылар коркуудан бул тууралуу ооз ачышпайт. Үй-бүлөлүк чаттан бирөө-жарым чыгып кетсе эле дароо ага эмне болгонун аңдашат.

Уйгурлар үчүн эң өзөктүү баалуулук болгон ишеним жана үй-бүлө колдон алынууда.

Ураган бүлөлөрдүн айынан кароосуз калган балдар массалык түрдө мамлекеттик интернаттарга жөнөтүлуп жатканы маалым болду.

Билкиз Хабибулла 2016-жылы 5 баласы менен Түркияга качып келгендерден. Анын эң кенже кызы Сакина Хасан документинин бүтпөй жатканына байланыштуу атасы менен паспортун күтүп Синьцзянда калган. Баары бир паспорту берилбей 1,5 жашында артта калган Сакина азыр 3,5 жашка чыкмак. Башка туугандары менен да байланышы үзүлгөн Билкиз кызы Сакинанын кайда жана ким менен экенин билбей азап чегүүдө. Күйөөсү Хасан ушул жылдын март айында камакка кеткен.

“Ар күнү балдарым уйкуга кеткенде мен уктабай ыйлап чыгам. Эне үчүн баласынын кайда, кандай абалда экенин билбегенден да оор нерсе жок. Эгер азыр кызым мени укса, “Мени кечир” дегенден башка эч нерсе айта алмак эмесмин”,-дейт Билкиз.

GVM-Еврокомиссия жана Европалык космикалык кызматы менен иш алып барган ири эл аралык аэрокосмикалык компания. Ал ушул жылы Кытайдагы 101 шектүү имараттын космостон тартылган сүрөттөрүн иликтеп чыгып, арасындагы 44 объектти лагер деп тааныган. Барында окшош белгилер бар,тегереги бекем тосмо менен тосулган жана көзөмөл мунаралары жайгашкан.

Мындан сырткары акыркы эки жыл ичинде курулган ири курулуш долбоорлору да изилдөөчүлөрдүн көңүлун бурган.

Биз тартылган сүрөттөгү имараттардын долбоорлорун архитектор Рафаэлль Сперриге көрсөткөнүбуздө:

“Бул килейген коркунучтуу имараттар 130 миңге чейин киши бата турган комплекс. Балким андан да көп жайгаштырышы мүмкүн”,-деп түшүндүрдү.

Бирок, лагерлердин бары эле ээн жерге атайын курулган эмес. Кээ бирлери үчүн шаар ичиндеги эски мектеп, завод сыяктуу имараттарды колдонушкан.

Биз Кытайдын түндүгүндөгү Кулжа шаарчасынан ушундай типтеги бир нече лагерге барганыбызда сыртындагы көзөмөл тобу бизди жакындатышкан жок. Сыртта “тарбиялануучулардын” жакындары топтолуп, кезек күтүп турушат. Биз кайда барбайлы, артыбыздан эки-үч автоунаа ээрчип, аңдып жүрдү. Биз машинебизден чыгып, имараттарды сүрөткө, видеого тартууга аракет кылганда тоскоол болуп, бул жерлерде олуттуу аскердик окутуу журуп жатканын айтышты.

Лагерлердин биринин алдында бир аял эки баласы менен турганын көрүп, сөзгө тарттык. Сакчылардын тоскоолдугуна карабай кичинекей балдардын бирөөсү “Атама келдик” дей салды. Кайрадан биздин камераны тосуп, кармап калышты.

Демейде турмуш кайнап, ызы-чуу түшкөн Кашкар шаарынын көчөлөрүндө эми тынчтык өкүм сүрүп калган. Кээ бир үйлөрдүн дарбазалары кулпуланган. Шаардын мечити болсо музейге айланыптыр. Алдынан кытай туристтерден башка эч кимди жолуктура албайсың. Мечиттен арыраакта отургандарга барып сурасак, бирөөсү: “Мага сүйлөгөнгө болбойт” деп ишарат кылса, кийинкиси “Эми эч ким келбейт”,-деди.

Биз Кашкардан чыгып, лагерлер көп жайгашкан районго карай бет алганыбызда, кокустан трасса жабык болуп чыкты. Бизге “Ысыктан асфальт эрип жатат. Өтүүгө болбойт”,- деп айтышканы менен башка автоунаадагыларга бираз күтө турууларын суранып жатышты. Биз жолубузду алмаштырып, төрт түрдүү жак менен барууга аракет кылганыбызга карабай, ар жолкусунда түрдүү шылтоолор менен артка кайтарышты.

Коммунисттик партияга берилген уйгурлар да бар экенин белгилей кетүү керек. Алар мамлекеттик кызматка орношуп, кадимкидей бул иш-чараларды колдошот. Шохрат Закир-провинциядагы экинчи макамдагы уйгур. Ал абалга ыраазы абалда буларга токтолду:

“Акыркы эки жылда теракт дээрлик катталган жок. Ал эми кылмыш иштери азайды. Синьцзянь көрктүү эле эмес, тынч да, коопсуз да болуп калды. Биз жеңдик”.

Бул жерде суроо туулат: эгер камактагылар чыкса эмне болот?

Жогоруда биз сүйлөшкөн лагердин “тарбиялануучуларынын” баарынын көзүнөн жек көрүү, өчөшүүнү байкоого болот. Али Дабаньчэн сыяктуу ири масштабдуу камак-лагерлерде жылдарын өткөргөндөрдүн баяндарын дүйнө уга элек.

Биз бул репортажыбыз менен Кытай бийлиги миллиондогон уйгур мусулмандардын укугун сот-сураксыз эле калчап ойногонун билдирип, аталган мекемелер кандай аталса аталсын адамдарды негизсиз эркинен ажыратуучу системалар экенин ачыктоону көздөдүк.

Кытай бийлиги бул долбоорунун ийгиликтүү болгонун жарыялады.

Бирок мындай кадамдар кандай үрөй учурган натыйжаларын берерин тарых бизге бир канча жолу тастыктап койгон.

 

Булак: BBC

Exit mobile version