Марал Радиосу

Эмомали Рахмон Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү менен куттуктады.

Кыргызстан менен коңшулук мамилелерди бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатынын эң маанилүү багыты экенин белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келген кыргыз-тажик достук жана өз ара кызматташууну туруктуу өнүгүү жолуна чыгарууга багытталган биздин туруктуу расмий жана жумушчу байланыштарыбыздын уланышына ишеним билдирем.