Марал Радиосу

Бердымухамедов: Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал өнүгүүдө

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов да Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык мааракеси  менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү бара жатканын айтып, мындан аркы эки тараптуу кызматташууга үмүт артарын билдирген.

“Бул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чын ниеттен бекем ден соолук, жеке бакты-таалай жана Сиздин жооптуу мамлекеттик кызматыңызда Кыргыз Республикасынын бир тууган элинин жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерди каалайм”, — деп белгиленет Түркмөнстандын президентинин куттуктоосунда.