Марал Радиосу

Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Путин куттуктоосунда, Сооронбай Жээнбековдун мекенинде жана чет мамлекеттерде кадыр-баркы жогору экенин белгилейт. Ошондой эле эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдыруудагы салымын жогору экенин айтат.

«Эки тараптуу жана эл аралык күн тартиби боюнча конструктивдүү диалогубузду жана биргелешкен жемиштүү иштерди улантабыз деп ишенем«, — деп сөзүн жыйынтыктайт Путин.