Марал Радиосу

Абылгазиев: Тигүүчүлөргө ипотека берилет

Өкмөт тигүү өнөр жайында эмгектенгендерди арзан турак-жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул тууралуу Тигүү өндүрүшүнүн жумалыгы алкагында өтүп жаткан форумда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, тигүү тармагында көбүнчө жаш кыздар иштешет. Алардын көпчүлүгү аймактардан келгендиктен, турак-жай, медицинага жана билим алууга жеткиликтүүлүк боюнча маселе бар.

«Быйыл биз Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүм беребиз. Биз компанияга тигүүчүлөр үчүн өзүнчө долбоор иштеп чыгуусун тапшырабыз. Мен бул маселени өзүм көзөмөлдөйм жана тигүүчү кыздар болочоктогу энелер болгондугу жана арзан турак жайга ээ болушу керектиги үчүн бул маселе маанилүү«, — деди өкмөт башчы.