Марал Радиосу

Евразия өнүктүрүү банкы: Кыргызстанда ИДПнын көлөмү өсөт

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ички дүң өнүмү жогорулай турганын болжолдоодо. Аталган банктын айлык отчетунда белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айында ИДПнын көлөмү 1,2 пайызга өскөн.

Сентябрь айынан тарта өнөр жай тармагындагы өндүрүштүн көлөмү өсүп, жылдык көрсөткүчтө 32,5 пайызга жеткен.

2018-жылдын башынан бери металл өндүрүшү кыскарган. Бирок акырындык менен экономиканын өсүүсү байкалууда. Ага тышкы соода байланышындагы шарттардын жакшырганы негиз болгонун банктын эксперттери айтышат.