Марал Радиосу

«Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстандын позициясы жогорулады

«Бизнес жүргүзүү» эл аралык рейтинги Кыргызстанда ишкердик үчүн шарттардын жакшырганын белгиледи. Бул рейтинг боюнча Кыргызстан жети позицияга көтөрүлдү.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте бюджет боюнча маселе каралып жаткан учурда билдирди.

«Doing Business» рейтингинде 4 багыт боюнча жакшыруу байкалган. Алар төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү, эл аралык соода, инвесторлорду коргоо, келишимдерди аткарууну камсыз кылуу поизициялары.

Өкмөт башчы бул рейтингдин жогорулашына өкмөттүн ишкерликке ыңгайлуу шарттарды түзүүсү негиз болгонун айтат.

Ошондой эле “Глобалдык атаандаштык” көрсөткүчү беш позицияга жогорулаган. Бул индекс улуттук экономиканын атаандаштыкка карата жөндөмдүүлүгү арткандыгын билдирет.