Марал Радиосу

Кочкоров: Сүйүнчү пулду эки-үч күндө беришибиз керек

“Балага сүйүнчү” акчалай төлөмдөрдү эки-үч күндө беришибиз керек. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Калкты тейлөө борборуна барганда билдирди.

Ал сүйүнчү пул алуу үчүн жарандардан арыздарды кабыл алуунун жол жобосу менен таанышты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев анкеталар толтурулуп, андан соң маалымат Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин базасына түшкөндүгүн көрсөтүп берди.

Улукбек Кочкоров андан аркы процесстин жүрүшү боюнча Октябрь райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан маалымат алды.