Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2018-жылдын 1-октябрына карата 4 млрд 264 млн 820 миң долларды түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Ал эми өлкөнүн тышкы карызы 3 млрд 764 млн 480 миң доллар болгон.
Белгилей кетсек, мамлекет эң көп Кытай өлкөсүнө карыз болуп эсептелет.