Марал Радиосу

Өспүрүмдүн өлүмүнө себепчи дарыгер үй камагына чыгарылды

Дарыгер ийне сайгандан кийин өспүрүм каза тапкан иш сотто каралып, дарыгер үй камагына чыгарылды. Бул тууралшуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан чыгарылган.

Эске салсак, Бишкектеги №8 ооруканада 15 жаштагы кыз каза болгон. Дарыгер ага ийне сайгандан кийин өспүрүмдө аллергиялык реакция жүргөн.