Марал Радиосу

Президент: Диний ишенимге кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок

Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясында билдирди.

Анын айтымында, ата-бабалар карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга  карама-каршы келбейт. Ошондой эле тынчтыктын, сабырдуулуктун, мээримдүүлүк менен кайрымдуулуктун, ыймандын дини катары ханафий масхабын колдоо — Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө кызмат кылуусу зарылдыгын кошумчалайт.

Президент маалымдагандай, диний чөйрөдө укуктук-нормативдик базаны чыңдоо максатында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамга толуктоолор киргизилет.

«Диндин коомдун турмушуна тийгизген жакшы жактары көп, бирок исламды жамынып, динди жаман көрсөтүп жаткандар болууда. Кыргызстанда ички диний ишенимге киришүүгө эч кимдин акысы жок. Мамлекеттин диний чөйрөдөгү ролу азыркыдан жогору болушу керек. Келечекте ислам академиясын түзүп, анын ишин мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керек. Ислам институту жана башка окуу жайлар бир системада болушу зарыл”, — дейт Жээнбеков.

Бүгүнкү конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышууда.

Кошумчалай кетсек, 25тен ашуун өлкөдө ислам дини мамлекеттик статуска ээ.