Марал Радиосу

Президент айыл чарба кызматкерлерин куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө өлкө эгемендүүлүккө жетишкенден бери айыл чарба тармагы чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгонун белгилейт.

Ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан бери айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө жакшы шарттар түзүлгөнүн, экспортко чыгарууга ыңгайлуу жол ачылганын айтат.

Муну менен катар учурда мамлекеттин жана донорлордун каражаттарынын негизинде айыл калкынын турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатканын, өлкө мындан ары дагы дыйкандарды ар тараптан колдоосун улантарын кошумчалайт.