Марал Радиосу

Туризм тармагына 8 млрд сом инвестиция түшкөн

Туристтик кызматтарды экспорттоодон түшкөн каражат быйыл 220 млн долларга жетти. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөкүч 173 млн долларды түзгөн. Туризмдин ички дүң продукциясынын 4,6 пайызын түзсө, былтыр 4,3 пайыз болгон.

Туризмге түшкөн инвестициянын көлөмү 8 млрд 300 млн сомду түздү. Былтыр 7 млрд сомго жеткен.