Марал Радиосу

Бишкекте кант диабетине каршы марш өттү

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте диабет оорусуна каршы ири марш өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк диабет күнүнө карата уюштурулуп, ага медициналык кызматкерлер жана шаар тургундары катышты. Марш калктын көңүлүн кант диабети жана анын оор түрлөрүнө буруу максатын көздөйт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 422 млн адам диабет менен жабыркашат.

Exit mobile version