Биз менен байланышыңыз

Спортчу жана машыктыруучуларга сыйлык тапшырылды

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 454 | 0

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында спортчу жана машыктыруучуларга сыйлык тапшырылды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай:

“КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамын Сергей Кладнов, Абдужалил Юнусов, Данияр Жусубалиев, Байгазы Кенжебаев, Таабалды уулу Сүймөнкул, Муртазали Муртазалиевдер алышты.

“КРнын эмгек сиңирген спорт чебери” наамын спортчулар Каныбек Жолчубеков, Айсулуу Тыныбекова, Дарья Маслова, Эламан Догдурбек уулу, Төрөкан Багынбай уулу алышты.

“Эл аралык даражадагы спорт чебери” наамына грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов; кыз-келиндер арасындагы күрөштө Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы татыды.

Мындан тышкары, аталган агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов дене тарбия кызматкерлерине “КР спортунун ардагери”, “КРнын дене тарбия жана спортунун мыктысы” төш белгилерин, шахмат боюнча кураманын мүчөлөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM