Марал Радиосу

Бишкекте троллейбустар түнкү 10го чейин иштейт

Бишкек шаарында троллейбустар суук күндөрү түнкү саат 22:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул аракет аба ырайынын суук болгонунан улам жана тургундарга ыңгайлуулук жаратуу максатында болуп жатат.

Белгилей кетсек, учурда шаар тургундарын 90 автобус, 121 троллейбус, 1806 маршурт тейлейт.