Марал Радиосу

Орусия-АСЕАН саммити башталды

Бүгүн 14-ноябрда Сингапурда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы (АСЕАН) менен Орусиянын ортосундагы өлкө башчылардын саммити башталды. Ага Орусия президенти Владимир Путин катышууда.

13-ноябрда ал Сингапурдун лидери Халим Якуб менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Бүгүнкү жалпы жыйындан кийин Япония, Таиланд сыяктуу өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушууларды өткөрөрү пландалууда.

Эске сала кетсек, АСЕАН Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү болгон Бруней, Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма, Сингапур, Таиланд жана Филлипин кирген саясий-экономикалык биримдик болуп саналат. Уюм 1967-жылы түзүлүп, Орусия менен 1991-жылдан бери кызматташат.