Сапаргүл (Улан Эгизбаевдин жубайы) менен узакка маектештим… Түгөйүн жоготуп, бир тарабы эӊшерилип турган жылдыздуу келин сүйгөнүнө куюп койгондой окшош кичинекей Белеги менен алаксып, элжиреп, бирок эсине түшө калган кезде көзүнөн жашы сызылып турган жүзү көз алдыма тартыла калат.
-Мен быжыратып төрөп берем, сен жемкорлук менен жалгыз күрөшпөй, балдарыбыз сени менен чогуу күрөшөт,-деп айтканым эске түшөт. Ал адаттагысындай көзү жайнап, ошентчи, Эгизбаевдердин династиясын түзөлү, деп коштогон мени,- деп эскерет Сапаргүл. Буюрса ошондой болот, деген сөздү чын дилден айткым келгенин билсеӊиз го ошол саам. Атаӊгөрү ай, деп ичимен алсыздыгыма, колуман эч нерсе келбегенине ичим күйөт. Жок дегенде, көӊүлүн көтөргүм келет. Жок дегенде алаксыткым келет. Бирок эмне деп көтөрүп, эмне деп алаксытышым керек эле?..
Мен Уландын журналисттик ишин сөз кылбайм бүгүн. Аны көп айтышты. Али да көп айтышат. Мен анын жеке жашоосуна да баш бага албадым, мүмкүн эртеӊ кайрадан кайрылармын. Мен бул ирээт анын үйүндөгү чакан китеп текчесине үӊүлдүм. Өмүрү менен да, өлүмү менен да кыргыз коомун ойго салып кеткен жигит эмнени окучу, аны кандай китептер кызыктырчу деп кызыктым. Анан таӊ калдым.
Кыргыз бүгүн карап түздөнөр үлгү инсандардан куружалак калып баратканын журт жакшылары жон териси менен сезип, өкүнүп турган жылдарда. Мүмкүн Улан окуган китептер артта келе жаткан мыкты жаштарга үлгү болобу деген изги тилегим бар.
Ал көркөм адабиятты өтө аз барактай турган. Шашып келип, шашып жашап, шашып кетип каларын билгендей конкреттүү бир багыт менен эмгектенгенин айтат жубайы. Аны саясий багыттагы китептер кызыктырган. Бир мамлекетти өнүктүргөн идеялар менен ааламга из калтырган, үлгү болгон жол башчы инсандар тууралуу издеп, иликтеп, жиликтеп окуганын Уландын чакан китеп текчесин бир көргөн киши түшүнөт. Буга «Сингапурское чудо», «100 Великих афер», «Почему одни страны БОГАТЫЕ, а другие БЕДНЫЕ», «Грузия кантип реформа жасай алды?», «100 великих загадок современности», «Опыт революционной борьбы» жана башка аталыштагы китептер далил. Китеп текчеси анын өмүрү кейиптенип, кичинекей аралыкка сыйып турганы менен китептердин ички маӊызы мамлекет жүгүн көтөрө ала тургандай кенен, мазмундуу анан маӊыздуу болгонун айтышым керек.
— Улан, мамлекетке чындап кызмат кылгысы келчү. Кейичү! Бирок кейип эле олтура бербей, бүтүн энергиясын өлкөнүн келечегине бурчу. Ал каза болгондон кийин ага келген кайрылуу каттарынын көптүгүн байкадым. Акыйкат издегендер каттарды, документтерди көп беришер эле. Өмүрүнүн акыркы күндөрүн бүт ушуга арнады. Эринбей баарын окуп олтуруп: “Юридикалык билим алышым керек экен”,-деп айтканы бар. Сонку талкуулаган китебибиз Маргарет Тетчердин өмүр жолуна арналган китеп болду. Ошону окуп бүткөндөн кийин Улан, — Бизде көп саясатчылардын тутунган принциптери жок, саясий ойлору да улам-улам өзгөрө берет. Андыктан баланы саясатка кичине кезинен тарбиялаш керек экен деп айткан эле,- деди жубайы маек арасы.
Ал эми мени Уландын «… Колуӊду тарт!»,- деген урааны ойго салды. Ал жакынкы жылдарда саясатка аттанарын жакындарына ачык айтчу. – Эгер адам баардык зыяндуу иштерден убагында колун тартса, напсисин тыйса, баары өзгөрөт, ошол себептүү мен «Колуӊду тарт» деген ураан менен чыгам саясатка,-дегенин угуп олтуруп муну сөзсүз окурмандар менен бөлүшөм деген элем. Убагында колубузду тарта алсак экен… Анын бул мыкты оюн түшүнүп, жанданта алсак экен…
Журналист, Жазгүл Жамангулова