Марал Радиосу

«ЖЭБдеги иш тышкы күчтөрдүн айынан жыйынтыкталбай жатат»

Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштердин иликтенип аягына чыкпай жатышына тышкы күчтөрдүн таасири бар. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, камакка алынган мурунку жетекчилер экс-президент Алмазбек Атамбевдин кадрлары болгондуктан бийлик алардын иши боюнча жыйынтык чыгаруудан чочулап жатат. Себеби Кытай менен Орусия Атамбаевдин иммунитетин жок кылууга каршы. Муну Атамбаев өзү да билгендиктен, КСДП партиясынын съездин өткөрүүнү апрель айына белгиледи.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупцияга жол берилгени айтылып, бир канча кылмыш иши козголгон. Алар мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов, Жалал-Абад шаарынын мурунку башчысы Салайдин Авазов жана башкалар.