Марал Радиосу

Жаңы депутат Эрмамат Тагаев ант берди

Жогорку Кеӊеште «Бир Бол» партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Эрмамат Тагаев ант берип ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал Аскарбек Шадиевдин ордуна келген.

Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары 2-ноябрда мөөнөтүнөн мурун токтотулган.