Марал Радиосу

Ош: Муфтий ысырапкорчулуктан арылууга чакырды

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар мэри жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Анда диний  абал боюнча баяндама жасалып, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Муфтий мекенди сүйүү жана ага кыянаттык кылбоо туурасында баядама жасап, катышуучуларды  ар бир иште жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Муну менен катар ысырапкорчулукту токтотуу боюнча айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери коомчулук арасында байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү керектинин белгиледи.