Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Жол кырсыгын азайтууга малга каргы тагуу керек

Коом | 14 Ноя 2018 | 720 | 0

Ысык-Көл облусунда мал жандыктардын катыштыгы менен 10 айдын ичинде 33 жол кырсыгы катталды. Бүгүнкү күндө унааларга болгон чыгым, айдоочулардын чөнтөгүнөн бүткөрүлүүдө.

Коомдук транспортто кызмат кылган айдоочулар түнкүсүн бири-бирине жол жээктеринде уй, жылкы баласы жайылып жүргөндүгүн айтып кабардар кылышат. Себеби бул жылдын 10 айында малдын катыштыгыында бар 33 жол кырсыгы катталып, 6 адам денесинен жаракат алган. Азыркы тапта да күнү түнү кароосуз калган ири малдар күч алып, эл ташыган айдоочулар айласын таппай жаткандарын айтышты.

-Өткөндө кетип баратсам, ээси малын жетелеп бара жатыптыр. Сураштыра келсек аны малы эмес экен. Буга кандай түшүнсө болот. 

-Биздин айлабыз кетип, эмне кыларыбызды билбей калдык. Мисалы Каракол-Бишкек каттамында жүргөндө бизге 18 киши отурат. Алар качан жетебиз деп шаштырышат. Эгер катуу айдасаң жолдон мал чыга калышы мүмкүн. Азыркы күндө айдоочулар чайналып жаткан учурубуз.

-Байкуш айдоочулар өлгөн малды жүктөп кетүүгө аргасыз. Анткени ээси табылбай келет. Унаанын тетиктери 100 миӊ сомду түзөт. Өлгөн малды өткөрсөӊ 10-15 миӊ сомго гана бааланат.

-Мына жайлоодогу мал кандай түшүп келди сентябрь айынан бери эми кар калыӊ жаап салганга чейин жол жээктеринде жүрөт.

Мындан улам, облустук авто базанын жетекчилиги айтылган сын пикирди жергиликтүү жашоочулар түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнүшөт. Анткени мындай көрүнүш жалгыз эле коомдук транспорт эмес, жөнөкөй айдоочуларга да зыянын тийгизет. Айрыкча өтө коопту мезгил кышкы мөөнөттө башталарын автобазанын жетекчисинин орун басары Ѳмүрбек Жанузаков баамдады.

Ысык-Көлдө күӊгөй жана тескей жол каттамы бар. Күӊгөй тараптан түнкүсүн 4 чоӊ сыйымдуу автобус каттайт. Тескейден 8 каттам чыгат. Айдоочулардын турмушнан көрүп калабыз. Алар көп учурда түнкүсүн жапа чегип калышат. Ал гана эмес жеке менчик жеӊил унаалар деле кырсыкка учурап жатат. Мал ээлери малдарын тыкандык менен карашса деп кайрылат элек. Анткени кыш келе жатат. Эртели кеч жол тоӊголок болот.

Ал эми жол кыймылын көзөмөлгө алган инспекторлор жыл башынан бери мал жандыктарынын жолго чыга калуусу 33 унаага чыгым алып келгендигин маалымдды. Бүгүнкү күндө Түп,Тоӊ, Жети-Ѳгүз жана Ысык-Көл райондоунда бул маселе курч экендигин эске алып, эми жергиликтүү жетекчилер менен бирдиктүү иш алып баруу жагы пландалууда. Анын бир жолу уй менен жылкылардын мойнуна каргы тагуу сунушталарын облустук жол кыймылын көзөмөлдө башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов белгиледи.

-Жергиликтүү бийликтегилер менен сүйлөшүп ортого комиссия түзөлү деген план бар. Анын алкагында жол жээктеринде кароосуз жүргөн малды чогултуп, бир жерге камашыбыз керек. Андан соӊ ээлерин таап потокол түзүп 500 сом өлчөмүндө айып салынса аталган фактылар азаябы деген ой бар. Мындан сырткары Тоӊ райнундагы жылкыларга караӊгыда жарыкты чагылдыруучу пленкаларды алып жылкылардын мойнуна таксак түнкүсүн айдоочуга белги бермек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM