Марал Радиосу

Цехтерде тигүүчү жетишпейт

Кыргызстанда текстиль тармагы ИДПнын 8% түзөт. Акыркы эки жылда бул тармакка болгон суроо-талап өскөнү менен ишкерлер көйгөйлөр да көп экенин белгилешет. Маселен, тигүүчүлөрдүн жетишсиздиги жана аларга түзүлгөн шарт. Бул суроолор тигүү тармагынын жумалыгынын алкагында талкууланбай койгон жок.

Гүлзат Жаналиева 2001-жылдан бери текстиль тармагында ишкердик кылып келет. Суроо-талап жакшы болгону менен, акыркы эки жылдан бери тигүүчүлөр жетишпей келгенин айтат.

Жакшы эле иштеп жатканбыз. Бирок акыркы кезде тигүүчүлөр туруктуу иштебей жатат. Мындан улам бизде да жумуш жакшы жүрбөй жатат. Көп буйрутмалардан баш тартууга туура келүүдө. Анткени аларды алганыбыз менен өз убактысында бүтпөй калат.

Бул тигүү тармагындагы көйгөйлөрдүн бирөө гана, бирок маанилүү. Ишкерлердин айтымында тигүүчүлөр бир-эки күн иштеп, кайра келбей коюшат. Мындай абал ишкерлердин чоң буйрутмаларына да терс таасирин тийгизип жатат. Натыйжада келген буйрутмалар Өзбекстан сыяктуу арзан баада тиккен өлкөлөргө кетип, ишкерлерге тоскоолдук жаратууда. Бул болсо өлкө экономикасына да түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени расмий маалыматтарга ылайык, өлкөнүн ИДПнын 8% тигүү тармагы түзөт.

Тигүүчүлөрдүн туруктуу иштебей жаткандыгынын дагы бир себеби аларга түзүлгөн шартка байланыштуу экендигин Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрага орун басары Рыскүл Бабаева белгилейт. Анын баамында иш берүүчү менен тигүүчүнүн ортосунда көп жерлерде келишим түзүлбөй келет. Айрым ишкерлер жер төлөлөрдө цехтерин ачып, шарттар толук каралган эмес. Бул тигүүчүлөр үчүн маанилүү.

-Биз профсоюздар эмгек келишими болуш керек деп жатабыз. Ошондой болсо тигүүчүлөр туруктуу иштемек. Андан кийинки көйгөй иштеп жаткан жердеги шарттар. Анткени көпчүлүгү суук жерде отургандыктан ооруп калышат. Албетте, сонун шарттарды түзгөн цехтер да бар. Бирок ошол эле учурда такыр шарты болбогон жер төлөдө иштеткен жерлер да жок эмес. 

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө 40 миңдей киши ушул тармакта иштейт. Такталбаган маалыматтар боюнча тигүүчүлөрдүн саны 300 миңден ашат. Учурда аларга суроо-талап жогору болуп жаткандыктан ар бир тигүүчү жумушка кирерде өз талаптарын коет. Ошондуктан тигүүчүлөргө шарттар түзүлбөй жатат дегенге тигүү тармагында 8 жылдан бери иштеп келе жаткан Шергазы Улукбеков кошулбайт.

Азыр тигүүчүлөргө талаптар жогору. Алар жумушка кирерде бизге талап коюшат. Шарты жаман болгон цехтер азыр жокко эсе. Андай болсо иштебей коюшат. 

Акыркы 9 айга карата алынган маалымат боюнча тигүү тармагында экспорттун көлөмү 220 млн долларды түзгөн. Көпчүлүгү Орусия жана Казакстанга кеткен. Бирок өндүрүштү экспорттоодо ишкерлер дүйнөлүк стандартты да эске алуусу керектигин Экономика министринин кеңешчиси Мухтар Жумалиев айтат. Бул бир гана продукцияга тиешелүү эмес,  тигүүчүлөр үчүн түзүлгөн шарттарга да байланыштуу.

Ишкерлер чындыгында экспортко жөнөтүп жатышат. Бирок ошол өндүрүш талапка канчалык деңгээлде жооп берип жатат деген суроо бар. Талап дегенде бир гана сапат эмес, анын ичинде жумушчуларга түзүлгөн шарт дагы кирет. Дүйнөлүк стандартка ылайык келбесе, анда аларга да дүйнөгө экспортко чыгууга тоскоолдуктар болот.

Белгилей кетсек, тигүү жумалыгынын алкагында бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү максатында бир катар иш-чаралар каралган. Алардын ичинде канткенде тигүүчүлөрдү иш ордунда кармап калуу, алардын потенциалын көтөрүү, экспорттун мүмкүнчүлүктөрү да каралган. Иш-чаралар өкмөттүн, Жеңил өнөр жай ассоциациясынын жана Эл аралык эмгек уюмунун колдоосу менен өтүп жатат.

Exit mobile version