Connect with us

Элчи Жунусов Анкарадан Ташкентке көчөт

Саясат | 13 Ноя 2018 | 953 | 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды.

13-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин карады.

Жунусовдун талапкерлигин Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова тааныштырып, депутаттарды колдоп берүүгө чакырды.

-Ибрагим Жунусов жетекчи кызматтарда көп жылдык тажрыйбасы бар мамлекеттик ишмер болуп эсептелет. Ишмердүүлүгү мезгилинде ар кандай жетекчи кызматтарды ээлеп турган. Анын ичинде 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келет.

Комитеттин отурумунда депутат Руслан Казакбаев Жунусовдун элчилик кызматка тажрыйбасы жетиштүү экенин айтты. Ошону менен бирге Өзбекстанга эмне себептен элчи кызматы сунушталганына кызыкты.

-Ибрагим мырза, сиз Түркия мамлекетине элчи болуп президент Режеп Тайип Эрдоган менен мамилеңиз жакшы болгон үчүн дайындалгансыз. Түрк элине сиздин ырларыңыз жагып, аткарган иштериңизде жакшы жыйынтыктарды бердиңиз. Эмне себептен Өзбекстандагы элчибиз болууга макулдугуңузду бердиңиз?

Өз кезегинде талапкер Жунусов аталган өлкөнү жакшы билгени үчүн макул болгонун айтты.

-Өзбекстан мамлекети менен кошуна болуп жашагандыктан алардын үрп-адатын, тарыхын жакшы билем. Ошондуктан макулдугумду бердим. Ал жердеги көйгөйлөрдү бала кезден баштап билем. Алар менен чогуу чоңойгом.

Мындан тышкары депутаттар Жунусовду ырчы катары кыргыз эли анын чыгармаларын сагынганын айтып, чыгармачылыгында жаңылыктар болооруна кызыгышты. Ибрагим Жунусов болсо жаңы обондор бар экенин билдирип, бирок коомчулуктун сын-пикиринен чочулап жатканын белгиледи.

-Ырдап эле жүрө береби, иштебейби» деген элдин сөзүнөн коркуп жатам.

Талкуу соңунда комитет мүчөлөрү Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси жок экендигин кабарлаган. Анткени мурдагы элчи Данияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Бул орун үстүбүздөгү жылдын март айынан бери бош.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурунку элчиси, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков Жунусовдун Түркиядагы ишмердүүлүгүн жакшы баалап, ушундай жумушту Өзбекстанда дагы аткарат деп ишенет.

-Элчи чоң маселелерди чече албайт. Активдүү иштеши мүмкүн, бирок чоң жумуш жасай албайт. Ошондуктан элчилерди катырып же болсо башкача иштеди деп баа бере албайбыз. Жалпысынан Ибрагим Жунусов жакшы эле иштеди. Бүгүнкү күнү Түркия менен экономикалык жана саясий байланыштар болуп жатат. Буларга элчинин кандайдыр бир салымы бар. Өзбекстанга элчи болуп барса деле ушундай эле байланыштар уланат. Кыргызстандын Өзбекстан менен мамилеси  жакшырууда. Бирок келечекте коңшу мамлекет менен мамилебиз назарлап кетүү мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору. Анткени эки мамлекеттин ортосунда чечилбеген кыйын маселелер бар. Ошол маселелердин бирөөсү гана ойгоно турган болсо, элчинин ролу активдешет. Деген менен чоң маселелерди элчи чече албайт.

Серепчилердин айтымында, бир убактарда Кыргызстан менен Түркиянын мамилесине айрым маселерлер көлөкөсүн тийгизип кызматташуу солугундап кеткен. Бул көрүнүш акыркы жарым жылда жоюлуп, мамиле жакшыруу жолуна түшүүдө. Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин жолугушууларында активдүү болуп, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына түрк лидеринин келүүсү жана аталган оюнду Түркияда өткөрүүгө макулдугун берди. Бул эл аралык аренада аталган өлкө Кыргызстанды колдогонун көрсөткөнүн саясат талдоочу Чынара Эсенгул билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аталган жумуштар элчинин аракеттеринин натыйжасында болду. Мунун негизинде Жунусов Өзбекстанда элчи кызматына талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Тажрыйбалуу, өзбек элинин каада-салтын, маданиятын жакшы билген, байланышты түзө алган элчи керек. Мында Ибрагим Жунусовдун Түркияда иштеген ийгиликтерин карап, ошол чечимге келсе керек. Азыр коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртууну президент тышкы саясатта негизги приоритет катары карап жатат. Талапкер туура эле тандалган.

Эске салсак, Ибрагим Жунусов коомчулукка Кыргыз эл артисти катары да белгилүү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM