Марал Радиосу

«Ибрагим Жунусов Өзбекстандын тилин табат»

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин колдоду. Анын талапкерлигин депутаттарга Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова тааныштырды. Жунусов буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеди. Ал эл өкүлдөрүнүн ишеничин актап, өлкөнү уят кылбай иштеп берүүгө аракет кыларын айтты.

Элчилерди дайындоо маселеси боюнча суроолорубузга Кыргызстандын Түркия жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус АбыловКүн чабыт” программасында жооп берди.

Марал: Учурда Кыргызстандын бир топ өлкөдө элчилери жок. Элчилердин дайындалбай жатышынын себеби эмнеде?

Мамбетжунус Абылов: Кыргызстанда дипломатиялык кызматка татыктуу болгон кадрлар толтура. Бирок маселе ошол дипломаттардын кызматка барганда тийиштүү талаптарга жооп бербегендигинде. Өзүңөр билгендей, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда элчиликтерди партиялар бөлүп алган. Татыктуубу, татыктуу эмеспи “шайлоодо мага чуркап берген, мынча добуш алып берген”… деген эле түшүнүктөр менен шайланып калышкан. Ошондуктан элчилердин ишине нааразылыктар көбөйүп, татыксыз элчилердин саны арбыды. Арасында саясий башпаанек сурагандар да чыгып жатат. Бул өлкөнүн эмес, өзүнүн кызыкчылыгын көздөө болуп эсептелет.

Марал: Бүгүн парламенттин тармактык комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин колдоду. Ал буга чейин Түркияда элчи болуп иштеди. Башка бир өлкөнүн элчисин кийинки өлкөгө дайындоодо кандайдыр бир критерий болушу керек беле?

Мамбетжунус Абылов: Бул жерде мындай маселе бар. Дүйнө жүзүндө элчилер бир канча мамлекетке элчи болуп иштей беришет. Бул анын тажрыйбасы үчүн да жакшы. Орусия жана башка мамлекеттерде элчилер 3-4 муунга чейин элчи болуп иштешет. Бул эң жакшы сапат. Бизде бул багытка иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлө элек. Ошондуктан бир жерде иштеген элчини экинчи жакка которууда тажрыйба болушун эле көздөп жатышса керек.

Экинчиден, Өзбекстан менен Ош облусу коңшулаш. Ал өлкөнүн Андижан, Наманган, Фергана, Үч-Коргон аймактары Кыргызстан менен жакын жайгашкан. Ошто жашаган калктын басымдуу бөлүгү өзбек тилинде да сүйлөй алышат, алар менен мамилебиз да жакшы. Буга байланыштуу Ибрагим Жунусовду Өзбекстанга элчи кылууда ушул сыяктуу жагдайлар эске алынса керек. Себеби ал киши Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Ал жердин менталитетин билет. Башкача айтканда, өзбектерге абайлап мамиле кылыш керек. Себеби акыркы 20 жылда эки жолу согуштук. Андан мурун совет мезгилинде Жалал-Абаддагы өзбектер менен чыр-чатак чыккан. Ошондуктан менин байкашыма караганда, иштеп жаткан элчилердин ичинен Өзбекстанга элчи болууга татыктуураагы Ибрагим Жунусов болууда.

Марал: Негизи бир өлкөнүн элчиси болуу үчүн кандай талаптар болушу керек?

Мамбетжунус Абылов: Элчи эң биринчи кыргызды тааныта турган адам болушу, тил билиши, билимдүү болушу керек. Муну менен катар арты таза, жаман сөздөргө кабылбаган адам болушу шарт. Бул эмнени билдирет? ичкиликке ыктабаган, үй-бүлөсүнө кир жугузбай кармаган болушу талап кылынат. Иш билги сапаты күчтүү, дипломатиялык мамилени мыкты билген, анын сүйлөгөн сөзүнөн башкалар кандайдыр бир сырды байкабай калышы керек. Ал үчүн элчиге интеллектуалдык деңгээл керек.

Мындан тышкары, элчи өкмөттүн иши жөнүндө маалыматы болушу зарыл, себеби элчинин иши өкмөттүн ишине жардам берүү болуп эсептелет. Мен Кыргызстандын Малайзия, Түркиядагы элчиси болуп турганда өкмөттүн ишине колумдан келишинче жардам бергем. Азыркы элчилердин кимиси өкмөткө жардам берип жатат, Кудайга гана белгилүү.

Дагы бир жагдай, элчиликке жаш адамды жөнөтпөй, акылы токтой элек, оюн-зоокко, бизнестин артынан түшүп алган адамды койбош керек.