Марал Радиосу

Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолу ачылды

Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолундагы кар көчкү тазаланып, жолдун бир тилкеси ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ош облусундагы кар көчкү тазаланып жатат. Ал үчүн 3 техника жиберилип, учурда жолдун бир тилкеси ачылды.

Эскерте кетсек, бүгүн Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайку жолундагы 75-76 чакырымдарына 6000 м3 көлөмдөгү кар түшүп, жолду жаап калган.