Марал Радиосу

Бишкекте айыл чарба техникалары көргөзмөгө коюлат

14-16 ноябрь күндөрү Бишкекте айыл чарба боюнча “АгроТех Экспо-2018” көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлик көргөзмөгө бир топ ишканаларды, өлкөлөрдү катышууга чакырган. Иш-чарада Кыргызстандын айыл чарбасындагы бардык жетишкендиктери көрсөтүлөт.

Көргөзмөдөгү орундун баасы жеке тараптарга 1 чарчы метри 900 сом, ал эми мамлекеттик мекемелерге акысыз болот.