Марал Радиосу

Венгрия Евробиримдикти Орусия менен кызматташууга чакырды

Венгриянын Тышкы иштер министри Петер Сийярто Евробиримдик Орусия менен кызматташууну жандандырып, жакшы нукка буруусу керектигин айтты. Анын пикиринде учурдагы мамилелер эч кимдин кызыкчылыгына туура келбейт. Ошондуктан ортодогу санкциялар маселесин карап чыгуу зарыл.

Евробиримдик менен Орусиянын кызматташтыгы жок эмес, бар. Бирок кош стандарттуу жүрүүдө. Бир кезде Лиссабондон Владивостокко чейинки аймакты камтыган бирдиктүү экономикалык зона түзүү идеясын Брюссель колдогон болчу. Ошол ишке кайтсак жакшы болмок”,-деди Венгриянын ТИМ башчысы.

Эске салсак, 2014-жылы башталган санкциялар алгач Евробиримдик тараптан Орусияга салынып, кийин Орусиянын ошондой эле жообу менен уланган. Азыркы күнгө чейин санкцияланган компания жана адамдардын саны жүздөп саналат. Бул Орусияга таасир эткен сыяктуу эле биримдиктин мүчөлөрүнө да зыян алып келүүдө.