Марал Радиосу

Комикстердин автору Стэн Ли көз жумду

Дүйнөгө белгилүү Marvel компаниясынын мурдагы башчысы, жазуучу жана көптөгөн комикстердин автору Стэн Ли көз жумду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Стэн Ли бүткүл дүйнөгө атагы чыккан комикстер “Жөргөмүш адам”, “Темир киши”, “Икс адамдар”, “Халк”, “Тора” жана “Өч алуучулар (Мстители)” комикстерин жашоого алып келген таланттуу адабиятчы болгон. Ошондой эле, өзү жазган чыгармаларга тартылган фильмдерде режиссерлордун сунушу менен роль аткарган. Мисалы, “Жөргөмүш адам”, “Өч алуучулар” жана башка тасмаларында.

96 жаштагы жазуучу акыркы кездери жүрөк, өпкө оорулары менен жабыркап жүргөнү айтылат. Өмүрүнүн соңку күнү да тез жардам ооруканага жеткирери менен көз жумган.