Марал Радиосу

15-ноябрга чейин Бишкектин бир топ аймагында газ өчөт

15-ноябрга чейин Бишкектин бир топ аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы кабарлайт.

-13- ноябрда Бишкек шаарынын Ленская, Лазо, Фучика көчөлөрүндө;

-14-ноябрда Бишкектин Шукуров, Жантөшев, Карадарьинская, Ясенский көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

15-ноябрда Аламедин айылынын Гидростроительная, Чапаев, Набережная, Аламедин д. көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт.