Марал Радиосу

Кант диабетине каршы жумалык башталды

13-ноябрдан 21-ноябрга чейин кант диабетине каршы күрөшүүгө арналган жумалык өтөт. Бул тууралуу Эл аралык диабет федерациясы билдирди.

Анын алкагында акциялар, тегерек үстөлдөр жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Эске салсак, былтыр Кыргызстанда 55 миңден ашуун диабет менен ооруган бейтап катталган. Ал эми дүйнөдө кант диабетине чалдыккандардын саны 422 миллионду түзөт.