Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин карайт.
Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштейт.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси жок экендигин кабарлаган.