Марал Радиосу

Бишкекте жаш балдардын кулинардык фестивалы өтөт

Бишкек шаарында 17-ноябрда жаш балдардын кулинардык фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чарада 5-13-жаштар арасындагы балдар “Кичинекей шеф-ашпозчу” наамы үчүн таймашат. Сынактын шарты боюнча канапе, салат жана десерт жасалат.

Анда столго азык-түлүктөр коюлуп, балдар өзү тандап, меню түзүшөт. Калыстар тобун Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын ашпозчулары, эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү түзөт.

Фестивалга катышуу акысыз. Алдын ала каттоодон өтүү зарыл.