Биз менен байланышыңыз

Балаңыздын мектепте жакшы оку(ба)ганынын себебин билесизби?

Блог | 12 Ноя 2018 | 6498 | 3

Бул суроого сиздин ата-эне катары “баламдын нары жагынан жок болсо эмне кылайын” деген, же “балам төрөлгөндө эле гений болчу” деген сыяктуу жоопторду угамбы деп турам. Чынында, экинчи жооп туурараак. Себеби, ар бир бала гений төрөлөт. Аларды “гений”, же “нары жагынан эле жок” кылуу өзүбүздүн эле колдо экенин биле бербейбиз. Балаңызды гений кыла албаганыңыздын себеби — ага жаңы төрөлгөндөн баштап китеп оку(й ал)багансыз. Балага жаңы төрөлгөндөн баштап эле китеп окусаңыз, 1-классты аттагандан тартып жакшы окуп баштайт! Балаңыздын жаркын келечеги үчүн акча талап кылбаган эң баалуу мурастын жолу ушул. Бул сөздөрдү мен айтканым жок. Бул сөздү дүйнөнүн алдынкы университети Жон Хопкинсте иштеген, баланын өнүгүүсү боюнча эксперт, педагог Селчук Ширин айтып жатат.

Эмне дейсиз? “Жаш балага китеп окумак тургай, өзүбүз китеп окубай жатсак, кайдагыны айтасың да” деп шыбырадыңызбы? Баса, мындан эки аптадай мурун Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада китеп жарманкеси өттү. Ошого улай эле “Баластан” интерактив журналынын сыйлык тапшыруу аземине да катышып калдым. Мына ошол жерде төмөндөгүдөй ойлор айтылды:

Замандын талабына жооп берген кыргыз тилиндеги балдар адабиятын санасаң, беш манжаңдан ашпайт. Анысы аз келгенсип балдар окуй турган кыргызча китептердин сапаты да, саны да жарытпайт. Эптеп тапкан китептериңиз дагы сиздин балаңыздын жашына туура келбей калышы мүмкүн. Же орусчасын табасыз, же кыргызчага эптекей которулганын табасыз. Балдардын, өлкөнүн келечегине салынган салымдын аздыгы өлкө үчүн өтө кооптуу экенин канча киши түшүнөр экен. Балдарды жаштайынан баштап үйрөтүүгө бир ууч эле киши аракет кылып жатат.

Мээнин өөрчүсүнүн 90% алгачкы 36 айда түптөлөт

Адам баласынын мээсинин өөрчүүсүндө критикалык убакыттар, же башкача айтканда, сыйкырдуу курак бар. Бул учурду пайдаланып калбасаңыз, кийин мындай мүмкүнчүлүк кайра келбейт. Мээнин өөрчүүсү үчүн алгачкы 3 жыл маанилүү. Себеби анын 90% ушул учурда калыптанат. Бул боюнча “Sony” компаниясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” деп аталган китеби бар (кыргыз тилине белгилүү педагог Асылбек Жоодонбековдун которгон). Балдардын толук кандуу өнүгүшүнө, бактылуу жана ийгиликтүү болушуна ата-эне жана курчап турган чөйрө чечүүчү мааниге ээ экенин баса белгилеген, ушул курактагы балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналган китепти окуй элек болсоңуз, анда сөзсүз окууңузду сунуштайм. Балаңызга кыла турган эң жакшы ишиңиз, өзгөчө илим-билимде ийгиликтүү болушун кааласаңыз, так ошол сыйкырдуу куракта ага бөлгөн убактыңыз жана көнүлүңүз. Макул, конкреттүү түрдө эмне кылышым керек? — деген суроону берип жатасызбы? Анда алгачкы 36 айда балаңыз менен китептердин жардамы аркылуу диалог куруңуз.

30 миллион дефицит сөз?

3 жашка чейинки баласы бар үй-бүлөлөрдү изилдеген атактуу “30 миллион дефицит сөз” деген эмгек жөнүндө айтпай туруп, («The Early Catastrophe: The 30 Million Word Gap by Age 3» by. University of Kansas researchers Betty Hart and Todd R. Risley.2003), макаланын аталышындагы суроого жооп берүү мүмкүн эмес. Изилдөөчүлөр баланын сыйкырдуу курагында (алгачкы 36 айда) ата-энелер эмне кылганын түшүнүүгө аракет кылышкан. Бул максатта алар 3 түрдүү социалдык-экономикалык даражадагы 42 үй-бүлөнү тандап, кылдат изилдешет. Изилдөөчүлөр сыйкырдуу курактагы балдардын үйүндө айына бир жолу бир сааттан убакыт өткөрүп, байкоо салышат. Иликтөө аяктаганда үй-бүлөлөрдүн кирешеси жана билим деңгээли ар түрдүү болгонуна карабай, балдар болгону бир гана өзгөчөлүктөн сырткары баары бир-бирине окшош чыгат. Кирешелери аз жана көп болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын ортосундагы айырма — балдар үй-бүлөсүндө уккан сөздүн саны болчу. Колунда бар, билимдүү үй-бүлөлөр 3 жыл бою жалпысынан 45 миллион сөз колдонушкан. Орто билим (орто кирешеге ээ) үй-бүлөлөрдө болсо бул сан 30 миллионго түшкөн. Кирешеси аз (билим деңгээли да төмөн) үй-бүлөлөрдө бул сан 15 миллионго араң жеткен. Мындай айтканда, кирешеси жогору үй-бүлөлөргө караганда кирешеси аз үй-бүлөлөр колдонгон сөздүн жетишсиздиги 30 миллионду түзгөн.

Баланын зээни сөз байлыгы менен ченелет

36 айлык убакытта укпай калган 30 миллион сөздүк дефицит баланын келечектеги жөндөм жана таланттарын өнүктүрүүгө оң же терс таасирин берет. Балдар мектепке барганда, бул айырманын таасирин сөз байлыгы менен байкоого болот. Үй-бүлөсүндө көп сөз угуп, аларды колдонуп калган балдар мектептин босогосун аттаганда, көп нерсени үйрөнүүгө даяр келишет. Сөз байлыгы кенен бала өзүнүн теңтуштарынан бир канча кадам алдыда баштап, мугалимдин эмне дегенин тезирээк түшүнөт. Бул айырма көптөгөн балдар үчүн мектепте деле азая бербейт. Ошондуктан кирешеси аз (билими төмөн) үй-бүлөлөрдүн балдары мектепте сабакты өздөштүрүүдө кыйналышса, жогорку кирешелүүлөрдүн (билимдүүлөрдүн) балдары мектепте кыйналбай окуп, университетке да оңой өтүшөт. Бул жерде бала бакчанын орду өзүнчө маселе болгондуктан, үйдөгү ата-эненин жоопкерчилигне гана токтолдум.

Балдар менен бирге окуш керек

Сыйкырдуу курактагы эң маанилүү маселе – балдар менен китеп аркылуу диалог куруу. Англисчедеги ‘dialogic reading’ деген ыкма биз билгендей китеп окуу жолу эмес. Жаңы төрөлгөн бала сөздөрдү билбегендиктен, бир китеп аркылуу бала менен диалог куруу керек. Мындайча айтканда, балага китеп окуп берүү эмес, бала менен бирге китеп окуу. Мурда чоң энелерибиз, таенелерибиз кылгандай бешик ырын ырдап, же апаларыбыз гүл менен сүйлөшкөндөй бала менен сүйлөшүү. Ар бир жөндөм сыяктуу бул да үйрөнсө боло турган жөндөм. Кызыксаңыз, YouTube’ка кирип, толтура мисалдарын көрсөңүз болот.

Китепсиз үйдө бала өспөйт!

Балдардын толук кандуу өнүгүшүнүн, бактылуу жана ийгиликтүү болушунун же аларды мектепке жакшыраак даярдоонун эң жөнөкөй жолу – алар менен бирге китеп окуу. Ооба, бирок муну биз канчалык аткарып атабыз? Азыр жаш балдары бар ата-энелерге даана эмне кылганы суралса, биринчи кезекте экранга (ТВ, планшет, смартфонго) байланган балдар жөнүндө болот. Үйүндө балдары менен китеп окуган ата-энелер канча пайыз экенин бир Кудай билет. Анын төмөн экенин божомолдоо кыйын деле эмес. Мунун себеби – баланын кенже куракта өнүгүүсү үчүн китеп окуунун мааниси жөнүндө ата-эненин маалыматы жоктугу. Ага улай үйлөрдө китептин аздыгы. Баарыбызга эле маалым, китеп окубаган калкпыз. Мектепте окуган балдары бар үйлөрдө канча китеп бар? Жок дегенде 25тен ашык китеп барбы?

Баса, мамлекет тарабынан да жакшы бир иш болгону жатат. Жаңы жылга жакын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде «Балдардын үч жашка чейинки өнүгүүсүнүн Базалык стандарттарын жана 7 жашка чейинки баланын өнүгүүсүнүн Күндөлүгүн илгерилетүү жөнүндө» маселе каралды. Алынган чечимге ылайык, өлкө боюнча аталган документ басып чыгарылып, кеңири жайылтылат. Бул документте жогорудагы айтылгандарды ишке ашыруунун жол-жоболору камтылган.

Мамлекеттик билим берүү системасын сындап келебиз. Бирок аларды сындаардан мурун бала мамлекеттин эмес, сиздин балаңыз экенин жана андан сиз гана жооптуу экениңизди унутпаңыз. Ата-эне катары өзүбүздүн милдетибизди биринчи аткарсак, балким, ошондо билим берүү системасындагы таңкыстыкты ашууга сиз дагы салым кошуп каласыз деген ой. Ал үчүн бала төрөлөрү менен ага китеп окуп башташ керек. Балким андан да мурун! Балдарга мектепке чейинки салынган 1 доллардык инвестиция келечекте 6-7 доллар болуп кайтары илимий изилдөөлөр менен аныкталган. Бизге окшогон чакан мамлекеттин келечеги адам ресурстарына гана байланыштуу. Ошондуктан кенже курактагы балдарга инвестиция салуу аркылуу кедейликти кыскартып, коопсуз, бейпил, бакубат жана өнүккөн мамлекетти түптөөгө мүмкүн. Болбосо, алдыбыз караңгы! Андай болбосун десеңиз, балаңызга китеп окууну эртеңкиге калтырбай бүгүн баштаңыз. Тойго берип жүргөн акчаңыздан бир азын эле балаңызга бөлсөңүз анын келечегине эбегейсиз чоң салым кошосуз. Ийгилик баарыбызга!

Бакытбек Абдуллаев

***Макала КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа Бирлигинин “Мугалим-Кесиби” сынагынын алкагында жазылган.

3 пикир

3 пикир

  1. Бактыгул

    15.11.2018 14:27

    Эн туура коп окуган копту билет дегендей китепти кооп окуу эн пайдалуу эн туура айтылган

  2. М.Н.М

    09.09.2022 09:48

    Эң туура таамай айтылган кеп болуптур. Кыргызда жакшы сөз барго «Бала уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» деген ошон үчүн мен балама келечекте кыйналбай турган шарт түзүп бердимби деп ойлонуу керек. Бирок чын чынына келгенде алган айлыгын жетишпеген турмуштун айынан балаңдын келечегин эмес күнүмдүк тамагына жетпеген жашоо болуп жатат.

  3. НУРАЙЫМ.

    09.09.2022 09:49

    Эң туура таамай айтылган кеп болуптур. Кыргызда жакшы сөз барго «Бала уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» деген ошон үчүн мен балама келечекте кыйналбай турган шарт түзүп бердимби деп ойлонуу керек. Бирок чын чынына келгенде алган айлыгын жетишпеген турмуштун айынан балаңдын келечегин эмес күнүмдүк тамагына жетпеген жашоо болуп жатат.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM